Окуялар

“Космопаркта” сойлоп жүргөн кара чаар жыландын дайыны билинди (видео)

Кечээ, социалдык желелерге Бишкек шаарындагы “Космопарктын” жанынан  абдан узун экзотикалык кара чаар жыландын сойлоп жүргөн видеосу тарап, коомчулукка талкуу жараткан эле.

Көрсө, бул жыланды атайын кичи зоопарктын кызматкерлери күнгө чыгаруу үчүн атайын катуу көзөмөлгө алып чыгышканын кабарлады.

Кичи зоопарк карантинге жабылгандыктан ал жактагы жаныбарларды күнгө алып чыгып туруу керектигин айтылат.

Зоопарктын кызматкерлеринин айтымында бул императордук удав болгон, ал уулуу эмес, башка жаныбарларга салыштырмалуу ал агрессивдүү да эмес, элге зыяны жок. Учурдагы   карантин кырдаалына байланыштуу баардык уюмдар жабылып,  жаныбарлар күн көрө албай калышкан. Ошондуктан жыланды алып чыгып, ошол эле учурда аны катуу көзөмөлгө алып эс алдырышкан.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук акимиаты  зоопарктын администрациясына эскертүү берип, коомдук жайларда тартипти келтирүү керектигин айтты.

Эскерте кетсек акыркы мезгилде Бишкектин айрым жерлеринде жыландардын чыгып калган учурлары кездешүүдө. Бирок ал жыландардын көбү уулуу эмес, уулуу жыландардын арасында гадюка гана бар. 

Эгерде жолдон жылан көрүп калсаңыздар 161 номуруна  чалууңуздарды суранабыз. Куткаруучулар дароо келишет деп айтылат маалыматта.

https://youtu.be/RREpWiFKDcg

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button