Белоруссияда 3600 баладан коронавирус табылды. Жалпы бейтаптар 43 миңден ашты

Белоруссияда 3600 баладан коронавирус табылды, деп билдирди өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин энелерге жана балдарга медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башкы адиси Татьяна Бурдь. Бул туурасында 1-июнда РИА Новости маалымдады.
Балдарды коргоонун Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата анын билдирүүсү Улуттук пресс-борбордун сайтына жарыяланды. Адистин сөзүнө караганда балдардын 95%инде оору симптому жок абалда өтүп жаткан. Калган 5%инин абалы орточо оордукта. “Тилекке жараша, алардын арасында өтө оор абалга кабылгандар жок” деди Бурдь.
Белоруссияда илдет жуктургандардын жалпы саны 1-июнга карата 43 миң 403 кишини түздү. Көз жумгандар 240 бейтап.
Эске сала кетсек, 14-апрелде Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко өлкөдө коронавирус жок, болсо да келбейт, келсе да эч ким андан өлбөйт, мен кепилдик берем деген. Тилекке каршы, андан бери Белоруссия, элинин санына карата дүйнөдөгү коронавирус көп тараган алдыңкы 5 өлкөнүн катарынан орун алды.
Abal.kg