Коом
Коронавирус. Кыргызстанда бала бакчалардагы кызматкерлерге да жетти
Кыргызстанда бала бакчаларда эмгектенген 3 адамдан коронавирус оорусу аныкталды. Бул маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 7-июндагы онлайн маалымат жыйында суроолорго жооп берип жатып билдирди.
Бала бакчалар 5-июндан тарта ачылып, ага карата бардык кызматкерлер медициналык текшерүүдөн өтмөк.
«Жалпысынан жумушка чыга турган 2,5 миң адис ПЧР-тест менен текшерилет. Жыйынтыгы таза чыккандан кийин гана иштегенге уруксат берилет», — деди министрдин орун басары/
Abal.kg