Маданият

Айнура Тургунбаева (Сакиш): Ушинтип таштап кетет белең Бопуням, мени ким эркелетет эми?

КР эмгек сиңирген артисти Айнура Тургунбаева менен  Марат Жанталиев “Сакиш-Бопуш” атка конуп, чыгармачылыкта  элге таанылган эле. Экөө бир жерде Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрында эмгектенип келишкен.

Кечээ Марат Жанталиев (Бопуш) каза болгондо анын  чыгармачылыкта өнөктөшү Айнура Тургунбаева (Сакиш) оор жоготууну төмөнкүчө эскерди:

“Бир туугандай эгизим эмес белең. Эми кимге сырымды айтып, кимге арманымды айтам? Кимди Бопуням деп эркелетем, ким мени Сакинтай деп эркелетет? Ушинтип таштап кетет белең Бопуням! Жараткан бейишинен орун берсин. Кош кесиптеш түгөйүм, кош!” деп жазды.

Эсакерте кетсек, кечээ КР эмгек сиңирген артисти, актер Марат Жанталиев каза болгон эле.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button