Коом

Кыргызстанда дагы 41 кишиден коронавирус бышыкталды. Бир бейтап каза тапты. Бишкекте эпидемиологиялык абал курч

Республикалык ыкчам штабда 13-июнга карата эпидемиологиялык абал тууралуу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, мамлекеттин башкы санитардык врачы Нурболот Үсөнбаев статистикалык маалымат берди.

Башкы санитардык врачтын айтуусуна караганда акыркы бир сутканын ичинде 54 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган. Жалпысанан айыккандардын саны 1722 адамга жетти, бир бейтап каза тапты деп билдирди Нурболот Үсөнбаев. Ошол эле учурда дагы 41жаңы бейтап катталды, деп айтты министрдин орунбасары. Анын ичинен мурунку күндөрдөгүдөй эле 18 адамдын каяктан жугузуп алганы тактала электигин, бирок иликтөө иштери жүрүп жатканын айтты.

Ушул боюнча башкы санитардык врач катуу тынчсызданганын билдирди. Айрыкча улгайган адамдарды той-акшка чакыруулар, чет өлкөгө чакырып алып кетүүлөр, алардын ден соолугуна өтө чоң коркунуч жарата турганын айтты. Базарларга, соода түйүндөрүнө барганда өтө аяр болуш керек экенин эскертти.

Ал эми ушул 41 учурдун 18и Бишкекке туура келет. Бүгүнкү күндө борбор шаарда коронавирустан жабыркагандардын саны 628 кишини түздү.

58 жаштагы каза тапкан адам боюнча маалымат берип, башкы санитардык врач, бейтаптын оорусу өтө курч мүнөздө болуп, жеке менчик клиникага барып дарыланганын, жардам бербегенде инфекциялык ооруканага жаткырылганын, бирок арга болбой кайтыш болгонун айтты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button