Коронавируска каршы вакцина Жамбыл областында чыгарылат. Биофарм заводу курула баштады
Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Республиканын Жамбыл областына караштуу Кордай районунун Гвардия айылында, өлкөнүн билим берүү жана илим министрлигинин илим комитетинин биологиялык коопсуздук боюнча маселелеринин илимий-изилдөө институтунун алдындагы вакцина чыгаруучу биофармацевтикалык заводдун курулушуна старт берди. Бул тууралуу 12-июнда, Казакстандын өкмөт башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, завод эл аралык стандарттагы иммунобиологиялык дары-дармектерди, анын ичинде коронавируска каршы вакцинаны чыгарат. Казакстандын аталган илимий-изилдөө институтунун COVID-19га каршы кандидаттык вакцинасы ушул тапта Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тизмесине киргизилген жана клиникага чейинки сыноодон ийгиликтүү өтүп жатат.
Мындан тышкаары аталган ишкана сасык тумоо пандемиясына, кургак учукка, бруцеллёзго, нодулярдык дерматитке, кепшөөчү майда жандыктардын чумасына, кой-эчкилердин контагиоздук эктимасына, койлордун чечегине, кутурмага жана башка жугуштуу ооруларга каршы вакциналарды да чыгарат.
Заводдун курулушун ушул жылдын декабрь айына чейин бүтүрүү жана жылына 60 миллион дозага чейин биофармацевтикалык дары-дармектерди чыгаруу пландалууда.

Казакстандын билим берүү жана илим министрлигинин илим комитетинин биологиялык коопсуздук боюнча маселелеринин илимий-изилдөө институту, 1958-жылы СССРдеги 6 ири вирусологиялык инститтун бири катары негизделген. Штатында 214 илимий кызматкер жана жетектөөчү илимпоз-вирусологдор (академиктер, докторлор жана илимдин кандидаттары (PhD) иштешет, коркунучтуу инфекциялар менен иш алып баруучу 13 лабораториясы бар. Ушул тапта аталган илимий-изилдөө институту коронавируска каршы дагы төрт вакцинанын үстүндө иштеп жатат.

Abal.kg



