Коом

Депутат кредиттердин үстөк пайызын ылдыйлатууну сунуштады

Жогорку Кеӊештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети бүгүн, 24-сентябрдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына Кыргыз Республикасынын финансылык кызматтарды колдонгон жарандарынын укуктарын коргоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карады.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Шарапаткан Мажитованын айтымында, мыйзам долбоорунда банктарда, микрокредиттик компанияларда, микрофинансылык компанияларда насыянын пайыздык чендерин төмөндөтүү сунушталууда.

«Белгилүү болгондой, насыянын үстөк пайызы жогору болгондуктан, көбү насыясын төлөй албай жатышат. Пайыздык чендер 200 пайызга жеткен учурлар болгон — бул айыппулдарды жана пайыздарды камтыйт. Ушундан улам канчалаган үй-бүлөлөр бузулуп, тагдырлар талкаланып, жалгыз турак жайынан куулуп, үйсүз калууда», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button