Окуялар

Күйөөсүнөн кордолгон аял жүрөгүнөн операция жасалган экинчи топтогу майып экени айтылды (ВИДЕО)

Жакында эле моюнуна дөңгөлөк илинип, баштан аяк муздак суу куюлуп, күйөөсүнүн ур-токмогун көргөн  Сузактагы аял экинчи топтогу майып. Бул тууралуу Сузак районунун социалдык өнүгүү башкармалыгынан билдиришти.

“Аталган аялдын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. Экинчи топтогу майып. Мындан 2 жыл мурун аялдын жүрөгүнөн операция жасалган”,-деди башкармалыктан.

Буга чейин Сузак районунда күйөөсү тарабынан жубайына моюнуна дөңгөлөк артып, суу чачып кордогон тасма тараган. Бул окуя коомчулуктун кызуу талкуусуна түшүп, элдин нааразы пикирин жаратууда.

https://youtu.be/gKB625a1Gcw

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button