Коом
Кыргызстан россиялык компаниялар менен биргеликте лыжа кластерин куруу үчүн «Три вершины» ишканасын түзөт

Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунда айтты.
Долбоорго кыргыз жана орус тараптан тышкары австриялык инвесторлор да катышууга ниеттенүүдө.
Кеп Чүй облусунда жыл бою иштей турган “Бир-Булак” лыжа базасын 101,3 млн долларга куруу жөнүндө болуп жатат.



