Коом

Финансы министрлиги: 4 айда Ош облусуна 382,8 млн сом бөлүндү

2024-жылдын 4 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен Ош облусу боюнча жалпы бюджеттер аралык трансферттер 285,4 млн сом өлчөмүндө каржыланды.

Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдирди, анын ичинен:

  • теңдөөчү трансферт – 251,8 млн сом;
  • айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 18,0 млн сом;
  • электр энергия болгон 50% компенсациясына – 15,6 млн сом;

Мындан тышкары, Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен 97,4 млн сом бөлүнүп берилди.

Ошентип, 4 ай аралыгында Ош облусуна жалпы 382,8 млн сом бөлүнгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button