Саясат

Жогорку Кеңештин төрт депутаты коронавирустан дарыланып атат

Жогорку Кеңештин дагы эки депутатынан коронавирус табылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Facebook баракчасына жазып чыкты.

Ибрагим Нуракун уулунун айтымында, ушуну менен төрт эл өкүлү коронавирус жуктуруп алды.

«Дагы эки ЖК депутатынан COVID-19 аныкталды. Ушуну менен төрт депутат, төрт аппарат кызматкери коронавирустан дарыланып жатат. ПЦР-тест тапшыруу иштери уланууда. Оорудан сак болуңуздар!» — деп жазган ал.

Эскерте кетсек, буга чейин коронавирус аныкталган эки эл өкүлү Бишкектеги Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасында дарыланып жатканын саламаттык сактоо министринин орун басары брифингде билдирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button