Маданият
(Видео) Ырчы Жанин жаш кызга жулунуп, сабоого аракеттенген видео интернетте тарап жатат

Адыл Акжол уулу өзүнүн фейсбук тобуна ушул видеону жүктөгөн экен. Андан соң, ушул тапта Кыргызстандын маалымат сайттарында видео тарап жатат.
Видеодо ырчы Жанинге окош аял, алыста коркуп турган жаш кызга жулунуп, ортодо эркек киши «Жанин» деп арачыга түшүп атканы көрсөтүлгөн.
Адыл Акжол уулу бул окуя директордун кабинетинде болгон деп түшүндүрмө берген. Чырдын себеби, күнөө кимде экени айтылган эмес.



