Коом
Кыргызстанда дагы 235 кишиден коронавирус аныкталды. Өкмөттө 26 кызматкерден илдет чыкты

28-июнга карата эпидемиологиялык абал тууралуу Кыргыз Республикасынын ыкчам штабынын статистикалык маалыматы боюнча акыркы бир сутканын ичинде коронавирус 235 жаңы бейтаптан аныкталган.
Анын ичинен 26 бейтап Кыргыз өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери болуп чыкты. Ошондуктан бүгүн өкмөт үйүн дезинфекциялоо жүргүзүлүп жатат.
Аймактар боюнча:
- Бишкек — 107;
- Чүй областы — 43;
- Ош — 33;
- Жалал-Абад областы — 15;
- Ысык-Көл областы — 14;
- Баткен областы — 13;
- Ош областы — 9;
- Нарын областы — 1.
Республика боюнча 4 748 кишиден илдет аныкталды.



