Окуялар

Аялын барымтага алып, бычак сайган жаранды кармаган милиционер инсульттан көз жумду

29-июнга караган түнү Бишкектин Биринчи Май РИИБинин №5 шаардык милиция бөлүмчөсүнүн жетекчиси Эркин Жаанбаев каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ал бир нече күн комада жаткан, ал инсульт болгон.

Белгилей кетсек, Эркин Жаанбаев 17-июнда кызганычтан улам күйөөсү барымтага алган аялды куткаруу операциясына катышкан. Анда күйөөсү аялына бычак сайып, анын кесепетинен аялы ооруканада көз жумган.

Жаанбаев аялын барымтага алган жаран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, колго түшүргөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button