Коом

Иран менен Израилде 200дөй Кыргызстандын жараны бар

Бул тууралуу маалымат жыйынында Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу билдирди.

Анын айтымында, учурда Иранда болжол менен 100дөй Кыргыз Республикасынын жараны бар, алардын көпчүлүгүн ошол жакка турмушка чыккан аялдар түзөт. Сейтек Жумакадыр уулу алардын ичинен 11 адам өзгөчө кырдаал жаралган учурда өлкөдөн чыгып кетүүгө даяр экенин билдиргенин айтты.

Израилде да болжол менен 100дөй кыргызстандык бар. Азырынча аларды шашылыш эвакуациялоо маселеси көтөрүлгөн эмес. Ардактуу консулга кырдаалды туруктуу көзөмөлдөп туруу жана мекендештер менен ыкчам байланышта болуу боюнча тапшырмалар берилди.

2-мартка карата Жакынкы Чыгыш аймагында жалпысынан 22 миңге жакын Кыргызстандын жараны жүрөт — негизинен Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмираттарында. Азыркы тапта алардын арасында жабыркагандар же турак-жайсыз калгандар жок.

Тектеш кабарлар

Back to top button