Дүйнө

Пандемия 2022-жылга чейин созулат дейт окумуштуулар. ВОЗдун прогнозу да ушундай

Америкалык эпидемиологдор математикалык анализдин жүрүшүндө, коронавирус инфекциясынын пандемиясы, эгер абал начар жагын көздөй оосо, 2022-жылга чейин созулат деген тыянакка келишти, деп жазды, өткөн бейшембиде  Science илимий журналы. Бул туурасында “Парламентская газета” билдирди.

Гарвард университетинин эпидемиология профессору Марк Липсич  жана анын коллегалары, жумшак климаттык пояста жайгашкан өлкөлөрдө вирустун таралышынын 2025-жылга чейики мамтематикалык моделин түзүп чыгышкан. Аны даярдоодо окумуштуулар SARS-CoV-2нин алыскы жана жакынкы “туушкандарынын” (башка тектеш вирустар) өздөрүн кандай алып жүргөнүнө таянышкан.

Гарварддын профессору Марк Липсич

Эсептөөлөр көрсөткөндөй, азыркы пандемия жайында да, күзүндө да токтобой турганы маалым болду.  Ал гана эмес, эгер абал начар жагына оосо, анда 2022-жылга чейин созулушу мүмкүн. Андан тышкаары, эпидемиологдор вирус кышында жана жазында гана тарабастан, жылдын кайсы мезгили болбосун жайыла берет деген тыянакка келишти.  

Эгерде  SARS-CoV-2ге иммунитет туруктуу пайда болбосо, анда коронавирустун жаңы, өтө кеңири кулач жайышы кийинки үч кышкы сезондо да болоорун модель көрсөттү. Абал турукташа турган болсо, анда кийинки коронавирус инфекциясынын глобалдуу эпидемиясы 5-10 жылга чейин кайталанбайт, деп эсептешет  окумуштуулар.

Липсич жана анын коллегалары тумоонун кескин өсүшү жана анын дүйнөлүк саламаттык сактоо системасына оорчулук келтирбеши үчүн, SARS-CoV-2 коронавирус инфекциясын 2024-жылга чейин дайыма байкоого алыш керек деген пикирде.  

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ВОЗ) да тумоо 2022-жылга чейин созулушу мүмкүн деп прогноздоп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button