Дүйнө

Казакстанда акыркы суткада 1509 кишиден коронавирус аныкталды

Өлкөдө акыркы суткада 1509 кишиден коронавирус аныкталды. Илдетке чалдыккандардын жалпы саны 42 миңден ашты, деп маалымдады NUR.KZ маалымат агенттиги 2-июлда, расмий Coronavirus2020.kz Telegram-каналынын билдирүүлөрүнө таянып.

1509дун ичинен 981 бейтапта даана билинген симптомдор жок. Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын так саны 42 574 бейтап. Айыкканы 13 845 киши, каза тапканы 188 жаран.

Жакында эле Казакстандын парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Нурлан Нигматулиндин COVID-19га чалдыкканы айтылган. Азыр абалы жакшыра баштады. Премьер-министрдин орунбасары Ералы Тогжанов да инфекциядан айыгып чыкты. Бир аз күн мурда эле Алматы калаасынын башкы санврачы Жандарбек Бекшиндин да тумоого туш болгону кабарланган. Анын оорусу жеңил формада өтүп жатат деп кабарлашты.

Эскерте кетсек, эпидемилогиялык абал курчуп, көзөмөлдөн чыгып баратканына байланыштуу 5-июлдан тартып Казакстанда эки жумага кайрадан карантин киргизлет. Абалга жараша узартылышы да мүмкүн деп белгиледи Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button