Коом

Акыркы суткада пневмониядан 23 киши каза тапты

Акыркы  суткада Кыргызстанда ооруканадан сырткары пневмония жуктуруп алган (COVID-19 тастыкталбаган) 23 адам каза болду. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда бул илдетке кабылган 1 724 бейтап ооруканада жатат. Анын ичнен 337 адамдын абалы оор, 112 киши реанимацияда.

Март айынан бери Кыргызстан боюнча пневмония оорусуна 2508 адам чалдыккан, анын арасынан 664ү айыгып чыкты.

Пневмониядан каза болгондордун жалпы саны 120га жетти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button