Маданият
Белгилүү обончу жана аткаруучу Тургуналы Нурматов дүйнө салды

Бул тууралуу анын жакындары кабарлашкан. Маалыматка ылайык, 65 жаштагы Нурматов акыркы жылдары инсульт алып, катуу ооруп жүргөн. Соңку айларда ооруканада комада жаткан.
Маркумдун сөөгү 5-июлда кичи мекени Талас шаарында жерге берилет.
Тургуналы Нурматов ырчы жана обончу катары белгилүү. “Кыргызымдын жигиттери”, “Той ыры”, “Эстейм апа” деген сыяктуу элге таралган ырлардын автору.
2019-жылы президенттин жарлыгына ылайык, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” деген наам алган.
Ырчынын жакындарына көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу болсун.



