Коом

Жайыт талаш. «Миң-Булактык» туугандарга «Баракелде» деп баш ийип таазим этебиз…

Нарын жергеси эзелтен мал киндиктγγ келет. Уккан кулак сγйγнсγн, улам барган сайын элдин колундугы малдын саны арбып, карапайым калк тирденип келаткандыгы жакшы көрγнγш. Бирок жакшынын жаманы да бар дегендей, малдын саны өскөн сайын жайыттардын жетишсиздиги ачык байкалып, байкалмак тургай баш ооруга айланып жатканын кайда катабыз?!

Маселен, Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагында жайгашкан «Кум-Бел» жайлоосу талашка тγшγп, Кочкор районунун малчыларынын аргасы куруп келгендигин жакшы билебиз. Тактап айтканда, Жерге-Талдыктар аталган жайлоону талашып, «Кочкорлуктарга бербейбиз» деп чыгышкан. Ал гана эмес кечээ жакында Кочкор районунун малчыларынын жайлоого келаткан көчγнγн жолун бууп койгон жайы да бар. Мындан улам кыйчалыш кырдаал жаралып, маселе жарга такалган абалга кептелип калган эле. Айтмакчы, бул факты (жол тосуу фактысы) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергелип жатат.

Бирок, атын атаса куту сγйγнөт дейт, ошол эле Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын малчылары жөн билгилик кылып, маселенин оң жагына чечилишине себепкер болуп беришти. Натыйжада жарга такалып турган Кочкор районунун малчылары ушул жылдын дээрлик кγз мезгилине чейин Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын колдонуусунда турган «Кара-Кужур» кыштоосунда жайлай турган болушту. Айтмакчы, Миң-Булактыктар кыштоосун сактап, төргө чыгып кетишкен болчу. Ал ортодо «Кум-Белге» кире албай калган Кочкорлуктар айласы кетип, «биздин жерде жайгашкан» дешип «Кара-Кужурга» жайгашууга аргасыз болушкан.  

Ток этээр жерин айтканда – «Миң-Булактык» туугандарга «Баракелде» деп баш ийип таазим эте турганчалык иш болду. Болбосо ким эле өзγнγн кышкы жайытын садага чаап, коңшусуна жайлатып койсун?! Бул да болсо «Миң-Булактык» туугандардын марттыгын, пейилинин кеңдигин көрсөтγп турат. Адатта мындайда «кудай берээрин унутпасын» деп коет. Андыктан «Миң-Булактык» туугандарга карыз болуп калдык көрγнөт. Карыз болгонубуз ушул – карангыда көз, капилетте сөз тапкандай кылып туңгуюкка кептелип турган абалдан алып чыгып кетишти. Муну менен алар бир айылдын, бир жайыттын эле маселесин эмес, бγтγндөй республикалык масштабдагы маселени чечип коюшту десек аша чапкандык болбойт.

Анткени «Кум-Бел» жайлоосу Нарын районунда жайгашып, бирок Кочкор районуна узак мөөнөттγγ пайдаланууга берилген. «Кара-Кужур» кыштоосу да Кочкор районунда жайгашып, бирок узак мөөнөткө Нарын районуна берилген. Мындай узак мөөнөттγγ пайдалануудагы жайыттар жалпы өлкө боюнча орун алган. Бирок жайыт маселеси эң эле курч мγнөздө дал ушул эки райондун ортосунда орун алып келет. Бул боюнча атайын өкмөттγк комиссия тγзγлγп, комплекстγγ иш жγргγзγп жатат. Дал ушул комиссия экинчи мындай жайыт талаш кайталанбай тургандай кылып маселе чечип берγγсγ кажет.

Тургунбай Баатырбеков

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button