Коом

Эртеңден тартып Бишкекте ЦУМ «Айчүрөк» карантинге жабылат

Эртеңден тартып Бишкекте ЦУМ  «Айчүрөк» карантинге жабылат. Бул туурасында соода борборунун администрациясы 24.kg маалымат агенттигине билдирген.

Администрациянын билдиргенине караганда ЦУМ-2ни 4-июлда эле жабышкан. «Муну биз профилактика жана  коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн жасап жатабыз. Азырынча айта албайбыз эки борбордун тең канчага чейин жабык болоорун, баары эпидемиологиялык абалга жараша болот.

Бирок эки жумадан кем болбойт. Ушул учурдагы аренда акысы кандай болот — маселе иштелип жатат, муну арендаторлор менен чечебиз», — деди администрациядан.

Бүгүнкү күнгө чейин ЦУМда бир да жолу COVID-19 менен илдетке чалдыккандар катталган эмес.  

Эскерте кетсек, инфекциянын таралышына жол бербөө үчүн буга чейин 4-июлда эле «Дордой Плаза-2» өз ыктыяры менен жабылган. Эми ошондой эле максатта, өз ыктыярлары  менен Asia Mall,«Технопарк» жана автобазар «РИОМ» да жабылып жатышат.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button