Чүйдө ок атуучу куралдар жана ок-дарылар табылды

Чүй облусунун, Аламүдун районунда ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу УКМКнын кызматкери тарабынан билдирди.
Маалыматка караганда, Аламүдүн районунун Таш-Мойнок а/а, Прохладное айылынын тоолуу аймагына жакын жерде ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылды.
Жашыруун жайдан табылган курал-жарактардын тизмеси:
1 даана АКС-74 автоматы;
1 даана ТТ үлгүсүндөгү тапанча;
5,45 жана 7,62 калибрдеги ок-дарыларды камтыган 20 даана магазин.
Белгиленгендей, ок атуучу куралдарды буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөр учурунда коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу максатында колдонушкан.
Учурда УКМК тарабынан ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сактоого тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу, ошондой эле куралдарды мурда жасалган кылмыштарда колдонуу фактыларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.



