Чүйдө курулуш объектилер текшерилип, 1 млн сомдон ашык айып салынды

Чүй облусунда шаар куруу жана курулуш мыйзамдарынын сакталышы боюнча катуу текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, анда бетон чыгаруучу түйүндөр, асфальт-бетон заводдору жана майдалоо-сорттоо комплекстерин иштеткен 25 юридикалык жана жеке жак текшерилди.
«Анын максаты документтердин мыйзамдуулугун, курулуш материалдарынын жана иштеринин сапатын камсыз кылуу, ошондой эле бекитилген ченемдер менен эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө болду», — деп айтылат маалыматта.
Натыйжада мыйзам бузуулар аныкталган «Арал-Боом», «Мостострой отряд» мамлекеттик ишканаларына, ошондой эле «Авира Групп», «Бишкек Инвест» жана «Бишкек Дистрибьюшн» ЖЧКларына 1 млн сомдон ашык айып салынды.
Ошондой эле мыйзамсыз аракеттерди белгиленген мөөнөттө оңдоо боюнча ишканаларга милдеттүү жазуу түрүндөгү көрсөтмөлөр берилди.



