Ажылык сапарга каттоо 23-сентябрда башталат

Кыргызстандын мусулман дин башкармалыгы 2026-жылы ажылыкка барууну каалаган адамдардан документ кабыл алуу 23-сентябрда башталарын билдирди. Жаңы талапкерлер «Элдик Банктын» ажылык сапар эсебине алдын ала баштапкы 2000 АКШ доллар жана кайтарымсыз 1200 сом төлөшү керек. Төлөм квота толгон убакытка чейин кабыл алынат, толгондо төлөм кабыл алуу токтотулат.
Муфтияттын маалыматына караганда, ажылыкка талапкерлер банкка каражатты төлөгөн убактысын эске алуу менен квитанциясынын негизинде Кыргызстан боюнча бирдиктүү тизме менен каттоого тургузулат.
23-сентябрдан баштап 2-октябрь (2-октябрды кошо эсептегенде) саат 17:00гө чейин керектүү иш кагаздарын толуктап, облустук жана шаардык казыяттарга караштуу аймактык операторлорго барып катталуу зарыл. Мөөнөтүнөн кечиккен жарандар каттоого алынбайт.
2026-жылдагы ажылыкка каттоо тартиби бир гана электрондук (Eid) же ID паспорттун негизинде жүргүзүлөт. Ажылык сапарга каттоо тартиби боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын сайтынан таанышууга болот.
Муфтият 2026-жылдагы ажылык сапары үчүн авиакомпаниялар ортосунда сынак 10-сентябрдан 6-октябрга чейин болорун билдирди.
Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра министрлиги 2025-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга 6 миң квота бөлгөн. Быйыл канча квота бөлгөнү айтыла элек.



