Кашкулактын майы, иттин сорпосу, эрмен менен сулуу коронавирустан дарылайбы? Врач Асамидин Марипов түшүндүрөт

Ош областынын Ноокат территориалдык оорукананын директору Асамидин Марипов “Спутник Кыргызстан” маалымат агенттигинин радиосуна, коронавирус инфекциясынан кантип дарылап жатканын айтып берген.
«Азыр пневмония менен сыркоологон бейтаптардын саны көбөйүп жатат, арасында абалы оорлор өтө көп. Мурда оорулардын дем алганын жеңилдетиш үчүн суюк кислород пайдалансак, азыр БИПАП-аппараттарды колдонуп жатабыз. Принциби — дем алганда аба басым менен берилет да, бейтапка жардам берет, ал эми демди чыгарганда басым жоголуп, оорулуунун өпкөсү көмүр кычкыл газдан тазарат», — деди Марипов.
«Баарыңыздарга — дени сактарга да, оорулууларга да айтып коеюн. Оорунун кандай өтөөрүнө тамактануу менен жашоо образы айрыкча роль ойнойт. Активдүү адамдарда коронавирус инфекциясы дээрлик симптомсуз өтөт. Фастфуддар, кыймылсыз көп олтуруу жана башкалар (пассивдүүлүк-ред), тескерисинче организимдин каршылык көрсөтүүсүн төмөндөтөт», — деп түшүндүрдү врач.
Азыр адамдар иммунитетти көтөрүү үчүн элдик каражаттарды пайдаланышууда – эрмендин, сулуунун тундурмасын жана иттин этинин сорпосун же кашкулактын майын ичип жатышат.
«Чөптөр боюнча айта турган болсом, алардын касиети академик Алтымышевдин эмгектеринде кеңири айтылган, эгер туура колдонсо, албетте пайдасы тиет. Кашкулактын, чочконун же иттин майы атам замандан бери эле дарылык касиети бар деп саналат. Бирок, бул жерде бейтаптын ден соолугунун абалына карап иш кылыш керек. Башкаларга жардамы тийсе, гипертония же ашказан-ичеги ооруларга кыйын болуп калат. Андыктан дайыма врач менен консультация жасап туруш керек «, — деди Марипов.



