Коом

Омор Касымов: Тартиптин сакталышы коронавирустун жайылуусун кескин түрдө төмөндөтөт

Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, профессор, Россиянын Табият таануу илимдер академиясынын академиги, «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов 15-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда  белгиледи.

COVID-19дун жайылуусун алдын алуу боюнча  Омор Касымов эпидемиологиялык жагымдуу абалды кармоого жана калк арасында өлүм көрсөткүчтөрүн төмөнкү деңгээлде сактап калууга мүмкүн болгон Грузиянын, Балтика жана Скандинавия өлкөлөрүнүн жакшы тажрыйбаларын белгиледи.

«Биринчи кезекте тартипти сактоо керек: социалдык аралыкты кармоо, колду жуу, коргоочу бет каптарды кийүү. Ошондой эле инфекция жуккандарды жана алардын жакындарын өзүнчө бөлүп обочолонтуу зарыл. Бул  чараларды сактоо менен инфекциянын жайылышы 15%га азаят», — деп айтты ал.

Кыргызстанда бул принциптердин сакталбашы инфекция жуккандардын санынын кескин көбөйүшүнө алып келгендигин билдирди профессор Омор Касымов.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button