«Даңазалуу доордогу» Рүстөм-пашанын ролун ойногон Озан Гювен 13 жыл түрмөгө кесилген турат

Популярдуу түрк сериалындагы Озан Гювен Рүстөм-пашанын ролу менен элге өтө кеңири таанылган актер болуп саналат. Актер 13 жылдан ашуун түрмөгө кесилип кетиши мүмкүн, деп билдирди, түрк гезити Hürriyet.
Гезит Стамбулдун прокуратурасы «Даңазалуу доор» сериалынын жылдызы сүйгөнү Деңиз Булусузду сабаганы тууралуу тергөө амалдарын бүтүп, айыптоочу тыянакты даярдап койду деп жазат.
Көзөмөл органы Гювенди сүйгөнүн «мазактагындыгы», «эркиндигинен ажыраткандыгы» жана «куралдын жардамы менен атайлап денесине жаракат келтиргени» үчүн түрмөгө кесилиш керек деп эсептейт. Актер күнөөлүү экенин танат жана өзү да Булусуздун үстүнөн арыз берген. Актер менен сүйгөнүнүн ортосундагы конфликт ММКга июнда эле белгилүү болгон, Түрк басылмалары Булусуз Гювенди үй-бүлөөлүк зомбулук көрсөткөн деп айыптап жатат деп жазып чыкты.
«Даңзалуу доор» сериалындагы бул актер чыныгы жашоодо аялына кызыл камчы экенин көрсөткөн. Эгер Түрк соту чечим чыгарса ал 13 жыл эркинен ажыратылышы ыктымал.



