Коом

Коронавирус. Бишкекте кошумча ачылган ооруканаларда 1400 орун бош турат

Бишкекте коронавирусту дарылоо үчүн кошумча ачылган жайларда 27-июлдун эртең мененки саат 8ине карата 1 400 орун бош турат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, мурдагы “Ганси” авиабазасында 517, Воронцовка айылындагы Курортология жайында 190, Улуттук госпиталда 162, Discovery жана Rixon мейманканаларында, “Ынтымак” медресесинде жана башка жайларда 11ден 99га чейинки сандагы бош орун бар.

Министрлик бош орундар тууралуу маалыматын 23-июлдан тартып күн сайын жарыялай баштады. Бул күнү жалпысынан 1 190 орун бош экени айтылган.

Июль айынын башында Бишкекте коронавируска чалдыккандардын саны өтө көбөйгөндүктөн ооруканаларда орун жок калып, дарылоочу убактылуу жайлар расмий негизде ачылган.

Дарыгерлер соңку аптада борбор калаада эпидемиологиялык абал жеңилдегенин, бирок коронавирустун өзгөчөлүгүн эске алганда коргонуу чаралары токтобошу керектигин айтып жатышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button