Коом

Чет өлкөдөн келгендер үчүн алгоритм өзгөрдү. Обсервацияга жаткырылбайт

Чет өлкөдөн келгендер үчүн алгоритм өзгөргөнүн Республикалык штабдан маалымдашты.

Билдирмеге ылайык, эми сырттан келгендерден өлкөгө киргенде коронавируска ПЦР-тест алынбайт. Ошондой эле алар мурдагыдай обсервацияга да жаткырылбайт. Эгерде коронавирус же сасык тумоонун белгилери байкалса, жашаган жериндеги медициналык борбордун дарыгерлерине кайрылышы керектиги айтылды.

Штаб мунун себебин вирус өлкө ичинде көбөйүп, ал эми сырттан келген жарандардан аз эле катталып жаткандыгы менен байланыштырды.

Эске салсак, өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал башталгандан бери сырттан келгендер аэропортко конору менен обсервацияга алынып, коронавируска тест тапшырышчу. Жыйынтыгы таза болгондон кийин гана үйлөрүнө жиберилчү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button