Коом

Борбор калаадагы Ош базарында болгон рейд учурунда 120дан ашык чет элдик жарандар кармалды

Бишкектеги Ош базарында «Нелегал» рейд учурунда 120дан ашык чет элдик жаран кармалып, полиция бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Борбор калаанын милиция рейдде 120дан ашуун чет өлкөлүк текшерүүгө алынганын, жыйынтыгында 23 чет өлкөлүккө карата Укук бузуулар кодексинин 431-беренеси (Кыргызстан аймагында болуу тартибин бузуу) менен протоколдор түзүлгөнүн белгиледи.

Ошондой эле 2 кыргыз жаранына карат Укук бузуулар кодексинин 93-беренеси (Кыргызстан чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу) боюнча протоколдор толтурулган. Маалыматта бардык материалдар мыйзамда белгиленген тартипте андан аркы кароо үчүн тиешелүү бөлүмдөргө жөнөтүлгөнү кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Back to top button