Коом

Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары алмашты

Айтибаев Курбанбек Гайыпбекович президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буга чейин бул кызматты ээлеген Шайлообек Козубаев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу кызматын тапшырган.

Күн мурун жаңы дайындалган биринчи орун басарды президенттин иш башкармалыгынын уюштуруу маселелери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Белек Сакиев менен президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев эмгек жамаатына тааныштырды.

Курбанбек Айтибаев буга чейин Ош облусунун Араван райондук жана Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы башчысы — акими кызматтарын аркалап келген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button