Коом

Күздөгү шайлоодо ырчы-чоорчулар үгүт иштерине катыша албайт

Күздөгү шайлоодогу үгүт иштерине ырчылар катыша албайт. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгендиктен, үгүт иштеринде концерт, спорттук иш-чараларды уюштурууга тыюу салынган.

«Шайлоо алдындагы үгүт иштери маалында коомдук иш-чараларды өткөрүүдө көчөдө, стадиондордо концерт, театралдаштырылган оюн-зоок, спорттук мелдештерди өткөрүүгө тыюу салынат. Мындай талаптар «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамындагы өзгөртүүлөрдө киргизген. Андыктан ырчылар шайлоо процессине жаран катары эле катышат, үгүт ишине катыша албайт», — деп БШКдан маалымдашты.

Борбордук шайлоо комиссиясынан талапкерлердин үгүт иштерине теледен берилүүчү акысыз убактысы узартылгандыгын кошумчалады.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында өтүп, эл Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын тандайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button