Коом

Мирлан Самыйкожо машина белекке алып, «балээге» калдыбы?

Эсиңерге сала кетсек, мындан бир аз эле мурда жердештери — Ак-Талаанын жаштары акын, телеалыпбаруучу Мирлан Самыйкожого жолтандабас автомашина белекке беришкен болчу. Мирлан мырзанын белегине куттук айтмак түгүл, фейсбукта ой-кырынан аны «эт туурагандай гана туурашты» го, кайран гана кыкең, бирөөнүн жакшылыгын көрө албаган, жамандыгын жабырап жайбаган жери калбаган.

Мирлан тырмакчадагы «ак тилектерге» карата жооп жазды, фейсбук баракчасында.

«Бирөө сүйүп, бирөө күйүп, бирөө үрүп айтат деген чын! Соц тармактарда мен жөнүндө түрдүү кептер болуп атты. Унчуккан жокмун. Анткени иргөө болсун дедим. Чий көбүгү чыгып, чырайлары ачылсын деп тилимди тишиме каттым. Тепкиледиңер! Сөктүңөр! Уруштуңар! Каргадыңар! Коргодуңар! Колдодуңар! Ойлодуңар…


Алган белектин да «ээсин» таап эптедиңер. Эптеп эле эки конучту бир аякка кептедиңер. Кара жанды кашайта тепседиңер! Бирок, силер токуп алган чындыктын түбүнө бириңер да жетпедиңер. Анткени Ак, ийилгени менен сынбайт да. Белекти берген РАИМОВ МИРБЕК баштаган Ак-Талаа районунун жаштар ынтымагын да ыңгайсыз кылдыңар. Ошонун баарын көрүп туруп «силердин» пейилиңерге кейидим. Бирок, менин силерге болгон сүйүүм күчтүүлүк кылды. Эч бириңерге унчуккан жокмун. Бирдеме десем дагы «былгымаксыңар!» Териккен да актанган да жокмун. Анткени, ЖАРАТКАНГА жалгандыгым жок болчу. Мага ошол негизги далил эле. Буга чейин мени жакшы билгендер канча түрлүү машина мингенимди билишет. Азыркы заманда мындай машина менен жүрүү эч кимди деле таң калтырбайт деп ойлойм. Алты саныбыз менен абийирибиз аман, КУДАЙ сактасын! Мен бирөөгө моралдык да материалдык да карыз болуп кулдай өмүр өткөргүм келбейт. «Тизе бүгүп өмүр сүргөнчө, тике туруп өлгөн артык!» Так что сары санаа болбогула!


Эми, шайлоо боюнча айтсам. Мен эч бир партияда эмесмин. Болгон сунуштарга чечим чыгарганча чый-пыйыңар чыгып, куйкаңар курушуп, куруштуруп-тырыштырып тизмемден бери тизмектеп ийдиңер. Өзүм официалдуу жарыя кылбагандан кийин кантип «какшандыңар» билбейм… Бизди ушул мезгилге чейин эч ким желкелеп же жетелеп бир жерге отургузуп, оозубузга май чайнап бергени жок. Баталуу болгонубуз менен аталуу да эмеспиз. ЭЛ ичинде ЭЛ менен эле эрбеңдеп келатабыз. Дагы деле ЭЛ мененмин. Эгер парламентке керексиң деп ЭЛ айтса ошондо аттанабыз, буюрса. Ага чейин барчулар барып, «алчулар алып,» калчулар калып, салчулар салып турсун. Азыр, акчалуулардын, бакчалуулардын, такталуулардын заманы. Бизде болсо жалгыз калем менен ЭЛ деген ЖҮРӨК эле бар. Учурда партиянын эмес добуш берчү карапайым ЭЛдин эле тизмесинде турайын деген чечим кабыл алдым. «Жетим жүгүрүк» болууга НАМЫС жол берген жок!

Кыскасы ушул… Ар бириңерди сыйлайм! Урматтайм! Бар болгула!»

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button