Лукашенконун кетишин талап этип Белоруссияда 25тен ашык ири ишканалар иш ташташты

Бүтүндөй Белоруссия боюнча 25тен ашык ири ишканалардын жумушчулары иш ташташты. Алар өлкөнүн эң чоң заводдору: Белоруссиянын металлургиялык заводу, Минскинин автомобиль заводу (МАЗ), «Гродно Азот», БелАЭС, Белоруссиянын автомобиль заводу (БелАЗ), Минскинин трактор заводу (МТЗ) жана башкалар. Бул тууралуу «Белсат» маалымат агенттиги маалымдаган.
Иш таштагандардын ичинде жалаң гана заводдор эмес, жада калса коомдук транспорт да бар: Минскинин метрополитени жана 4-троллейбус паркы.

Иш таштагандар Лукашенконун отставкасын, шайлоонун акыйкат тыянагын, саясий туткундардын бошотулушун, күч органдары тарабынан зомбулуктун токтотулушун талап этишүүдө.
Эгерде нааразылыкка чыккандардын талабы орундалбаса, 20-августтан тарта мөөнөтсүз иш таштоолор башталаары Белорусь бийликтерине эскертилген.



