«Ала-Тоо» журналы менен «Турар» басма комплексинин жетекчиси Тилек Мураталиев каза тапты
Тилек Мураталиев чыгармачыл, интеллектуалдык чөйрөгө өтө кеңири таанымал жигит эле. Ал Кыргызстандын руханий дүйнөсүн байыткан инсандардын катарына кирет.
Тилек Мураталиев жетектеген “Турар” басмасынан көркөм адабияттан тартып, тарых, даректүү баяндар, окуу куралдары ж. б. жүздөгөн аталыштагы китептер байма-бай басылып чыгып, улутубуздун интеллектуалдык казынасына көөнөргүс байлык кошту.

Айрыкча, акыркы он жылдын ичинде кыргыз жазуучуларынын гана эмес, ак калпактуу элибиздин баа жеткис мурасы болгон, элибиздин тарыхында кыргыздын алп калемгерлери Төлөгөн Касымбеков, Шатман Садыбакасов, Кеңеш Жусуповдор жетектеп турган “Ала-Тоо” журналын кайрадан чыгарууну колуна алганы, аны улутубуздун нукура патриот инсандарынын катарына кошту.
Бири кем дүйнө деген ушул экен, Тилек Мураталиев 60 жаш курагына үч ай жетпей, капилеттен жүрөгү токтоп калды.
Тилек Мураталиев 1960-жылы Кочкордун «Кызыл-Дөбө» айылында жарык дүйнөгө келген. Сөөгү да ошол өзү туулуп-өскөн айылына коюлат.
“Abal.kg” маалымат порталы маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.



