Коом

Республика аймагында дезинфекциялоо иштери улантылууда (ФОТО)

Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери  жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар министрдин тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

 2020-жылдын 24-август күнү өлкө боюнча 21 950м² имараттардын ичи сырты, 131 830 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 88 куткаруучу тартылган.

Маселен,

  📌Чүй облусунунда 3 000 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 20 литр хлор  колдонулду;

📌Талас облусунда 32 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланды;

  📌  Жалал-Абад облусунда 4 400 м² имараттын ичи сырты жана 3 700 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып 40 кг суюк хлор колдонулду;

 📌 Ош облусунда 10 400м² имараттын ичи сырты жана 47 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 373 кг хлор колдонулду;

 📌 Баткен облусунда 21 130 погондук автоунаа жолдор дезинфекцияланды;

 📌 Ош шаарында 7150 м² имараттын ичи сырты жана  25 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланды.

 КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button