Саясат

ВИДЕО: Азимбек Бекназаров депутат Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады

Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров видео кайрылуу жасады.

Кайрылуусунда элчи Малайзиядан атайын Адахан Мадумаровго каршы көрсөтмө берүү үчүн келген деген ушактар чыгып жатканын айтып, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге жана Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго кайрылды.

«Урматтуу мекендештер! Мени Мадумаровго каршы көрсөтмө берүү үчүн келди деген пиар боюнча түшүндүрмө берип коёюн дедим. Мындан эки жыл мурда Адахан мырзанын мени элчиликке сатылып кетти деген сөзү боюнча маалымат жыйында жооп берген сөзүмдү эки жылдан бери Адахан Мадумаровго каршы саясатта пайдаланып жүрүшөт.

Ошол сөзүмдү тактап коёлу деген тергөөчүлөргө макул болсом, бийлиги дагы, Адахан мырза дагы ошону саясат кылып жатат. Мекендештер, мен Адахан Мадумаровго каршы көрсөтмө берүү үчүн келген жокмун. Мени прокуратура декабрь айында Июнь окуясы боюнча чакырган. Мен ыңгайлуу учурда барам деп, мына азыр келдим. Ошон үчүн суракка барып жатам. Мен Адахан Мадумаровго каршы көрсөтмө берүү үчүн келген жокмун.

Урматтуу Камчы иним, Адахан иним! Бир жул мурда Баткен окуясын, чек ара сырын сактабаган чырыңарды эми тергөөнүн сырын бузуп, элдин башын оорутуп чыр кылалы деп жатасыңарбы? Сурак кылганың дагы, бергениң дагы мыйзамды сактап, элдин башын оорутпай, жөн бербейсиңерби», — деди Бекназаров.

Бекназаровдун кайрылуу видеосун толугу менен көрүңүздөр:

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров 17-18-январда 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча Башкы прокуратурада сурак берип чыккан.

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сурак берип жаткан Адахан Мадумаров 18-январда сурактан чыккандан кийин «эртең жекеме-жеке жолугушуулар болот экен, бир азамат Мадумаровго каршы сүйлөп берем деп келген экен» деп айткан эле.

Адахан Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары суралып баштаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button