Саясат

Эки саясий партия мыйзамда белгиленген мѳѳнѳттѳ документтериндеги ылайык келбѳѳнү четтетти

Эки саясий партия мыйзамда белгиленген мѳѳнѳттѳ документтериндеги ылайык келбѳѳнү четтетти. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, КР ЖК депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу топ «Мекен ынтымагы» жана «Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын» саясий партиялары мыйзамда белгиленген мѳѳнѳттѳ документтериндеги ылайык келбѳѳнү четтеткендигин билдирди.

Аталган партиялар 2020-жылдын 21-августунда КР ЖК депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу топко документтерин берген. Эки партиянын сунуш кылган документтеринде машина окуучу (электрондук)  түрүндѳ  айрым документтер жок болгон.  Мындан тышкары, «Мекен ынтымагында» 21-августка карата шайлоо күрѳѳсүн тѳлѳгѳндүгүн тастыктаган документ болгон эмес.  

Конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 3-бѳлүгүнүн негизинде 22-августа жумушчу топ 48 сааттын ичинде оңдолгон документтерди БШКга берүүнүн зарылдыгы жѳнүндѳ ошол партияларга маалымдаган.

2020-жылдын 24-августунда «Мекен ынтымагы» саясий партиясы жогоруда кѳрсѳтүлгѳн ылайык келбѳѳчүлүктү четтеткен –  шайлоо күрѳѳсүн тѳлѳгѳндүгүн тастыктаган документти жана электрондук, машина окуучу документтерин КР БШКга берген. «Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын» саясий партиясы  да мыйзамда белгиленген мѳѳнѳттѳ документтериндеги ылайык келбѳѳчүлүктү четтеткен.

24-августа документтерин беришкен башка партиялар боюнча документтериндеги так эместиктер тууралуу кабарлама аларга  жумушчу топ тарабынан 25-августа берилген. Азыркы учурда кабарламага ылайык оңдоолор жана түзѳтүүлѳр киргизилген документтер жумушчу топко түшүүдѳ.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button