Маданият

Бек Борбиев: Бул менин тандоом, ага эч кимдин жоологонго акысы жок

Азыр Кыргызстандагы «мен ырчы, артист, медиажүзмүн» дегендердин бир тобу, ар айсы партияга киришип, пармламентке өтүүгө атсалышууга бел байлап турган чактары. Ушул катарда, азыркы кыргыз эстрадасынын корифейи, 20-кылымдын акыркы он жылдыгы, 21-кылымдын биринчи он жылдыгынын ичинде чыгармачылыгы бүтүндөй бир доорго айланган, талантынын салмагы боюнча Атай, Рыспай, Түгөлбай, Асанкалый, Чубактын катарында турган Бек Борбиев да депутат болобу, кайсы партияга кирет экен, деп доңшугандарга, обончу-ырчынын өзүнүн берген жообу:

«Достор, мени жакын арада парламенттен көрө албайсыздар. Башка саясий көз караштагылар мага өз оюңарды таңуулагандан алыс болгула. Мен азыркы жарыштагы үч партияга гимн-ыр жазгам, жана жаза берем. Эгерде менден жакшы жазсаңар анда жаза бергиле, конкурстук негизде тандап алышат. Шайлоодо эч ким эч кимди күчкө салып добушун ала албайт, баары демократия жолунда, андыктан каалаган партияга добушуңузду бериңиз А менин тандоом, бул менин тандоом, ага эч кимдин жоологонго акысы жок. Ийгилик»,- деп жазган Бек өзүнүн баракчасына, мындан бир аз мурда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button