Окуялар
ИИМ. Адашып кеткен үч жаштагы бала табылып, ата-энесине тапшырышты

8-сентябрь күнү болжол менен 15:00 чамасында ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгына болжол менен үч жаштагы баланы алып келишкен. Лев Толстой көчөсүндөгү базардын аймагында жарандар кароосуз ойноп жүргөн баланы байкап калышып, милицияга кабарлоону чечишкен.
Бала ИИМдин башкармалыгынын имаратында бир сааттан ашык жүргөн жана ал өзүнүн атын гана атай алган. Милиция кызматкерлери баланын ата-энесин табуу боюнча жакынкы аймактарда зарыл болгон иштерди жүргүзүшкөн. Бир нече убакыттан соң гана баланын энеси табылган.
Маалым болгондой, баланын энеси дүкөндөрдүн биринде иштеп жүрүп, бир аз убакытка алаксып кетип, баласы кайда кеткендигин байкабай калган.
Азыркы учурда баланы ата-энеси алып кетишти.
ИИМдин Басма сөз кызматы



