Коом
Кыргызстандын айрым жерлерине кар жаады (ФОТО)

Өлкөдөгү Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Өтмөк ашууларындагы жолдор тазаланып, автоунаалар өтүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, төрт ашууда түндө кар жаап, бийиктиги 10-15 сантиметрге чейин жеткен.

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Жол-эксплуатация башкармалыгынын кызматкерлери Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларындагы Бишкек — Ош жолу менен Таластагы Өтмөк ашуусундагы трассаны тазалоого киришкен. Учурда тыгын жок, жолдор ачык экендиги белгиленди.




