УКМК: Кыргызстанга контрабандалык жол менен 1800 литр спирт ичимдиктерин алып келгендер аныкталды

Аткезчиликке каршы күрөшүүгө багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан, “Актилек-авто унаа” көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргыз Республикасынын аймагына тиешелүү лицензиясы жана уруксат берүүчү документтери жок спирт ичимдиктерин мыйзамсыз ташып келүү аракетине бөгөт коюлду.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында спирт ичимдиктерин сатуу жана сактоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы жок ишкердик кылган субъекттердин бири тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келингендиги аныкталды. Натыйжада “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаа кармалып, айып унаа токтотуучу жайга киргизилди, алдын ала эсептөөлөр боюнча ташылып келинген алкоголдун жалпы көлөмү 1800 литрге жакын.

Азыркы учурда Мамлекеттик салык кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте товарлардын келип чыгышын жана мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.





