Спорт

Эрлан Шеров дзюдо боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров дзюдо боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынды.

Дзюдо боюнча Азия чемпионаты Кытайдын Гоконг шаарында 20-апрелден 23-апрелге чейин болуп өттү.

Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров мелдешке 90 кг салмак ченинде 1/8 финалдан тарта катышып, индиялык спортчуну жеңип алды. Ал эми чейрек финалда кыргызстандык дзюдочу ливондык Карамнобу Сагаиповго жеңилди. Жубатуучу беттеште кыргыз спортчусу тажикстандык Комромсох Юстопирионду артта калтырды. Ал эми 3-орун үчүн болгон чечүүчү кармашта Эрлан шеров учурда БАЭ курамасынын атынан чыгып жаткан россиялык спортчу Арам Григорянды жеңип, коло медалга ээ болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button