Маданият

Обончу жана ырчы Аксуубай Атабаевдин 80 жылдыгы белгиленди

Күн мурун Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү обончу жана ырчы Аксуубай Атабаевдин 80 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага маданият министринин орун басары Айнура Аскарова, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, маданий- коомдук ишмерлер, Аксуубай Атабаевдин жердештери жана жакындары катышты.

Айнура Аскарова өз сөзүндө Аксуубай Атабаевдин 80 жылдыгы менен куттуктап, кыргыз маданиятына зор эмгеги сиңген Аксуубай Атабаев табият берген улуу таланты, маңдай тер төккөн мээнеткечтиги жана адамгерчилик асыл сапаттары менен эл-журттун терең урмат-сыйына татыганын билдирди.

Обончунун “Он сегиз жаш”, “Тоолор” жана “Таалайбек” чыгармалары элдик обон болуп, ар бирибиздин жүрөгүбүздөн орун алып, ондогон чыгармалары классикага айланды. Аксуубай атабыз кыргыз маданиятына жана искусствосуна зор салым кошуу менен артында өчпөс из калтырды”-деди министрдин орун басары.

Эскерүү кечеси Аксуубай Атабаев тууралуу даректүү тасма, ал жараткан обондор камтылган концерттик программа менен коштолду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button