Коом

Шайлоого 43 мамлекеттен келген 277 байкоочу жана 77 жарандык уюм мониторинг жүргүзүүдө

Жогорку Кеңештин шайлоосуна 277 эл аралык байкоочу жана 77 жарандык уюм мониторинг жүргүзүүдө. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, эл аралык байкоочу болгон 277 киши 43 мамлекеттен келген. Алар 33 уюмдун өкүлү. Ошондой эле 77 жарандык уюмдан тышкары 16 саясий партиянын байкоочулары байкоо жүргүзүүдө.

Коомдук байкоочу — бул КРдин коммерциялык эмес уюмунан дайындалган адам шайлоого даярдыктын жүрүшүнө, добуш берүүнүн өткөрүлүшүнө, алардын жыйынтыгын аныктоого жана билүүгө байкоо жүргүзөт.

Эл аралык байкоочу — чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан келип, мыйзамдуу түрдө шайлоо менен референдумдардын даярдыгына, өтүшүнө байкоо жүргүзгөнгө укуктуу адам.

Эскерте кетсек, бүгүн кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоодо.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button