Коом

Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунда каттам жабылды

Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 62-65-чакырымына катуу жааган кардан улам кар көчкү түшүп, каттам жабылды.

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, учурда №3 Жол тейлөө ишканасы тарабынан карды тазалоо иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, күн мурун Каракол – Эңилчек унаа жолуна дагы кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button