Коом

Россиялык кыргыздар бүгүнкү абал боюнча кайрылуу жасады

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ САЯСИЙ КҮЧТӨРГӨ ЖАНА ЖАШТАРГА

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу депутаттар, саясатчылар, жаштар!

Кыргызстанда адилеттүү бийликти орнотууда сиздердин салымыңыздар зор! Бирок, мамлекетибиздеги саясий туруксуздук, баш аламандык, бийликке умтулган деструктивдүү күчтөрдүн мыйзамсыз кыймыл аракеттери Россиядагы миллиондогон мекендештерибизди кабатырландырууда.

Ушундай татаал учурда сиздердин бардык чечимдериңиздердин мыйзам чегинде болуусу, мамлекетибиздин эртеңки өнүгүүсүнүн бирден бир кепилдиги болоору талашсыз.

Андыктан, саясий абалды тез арада турукташтыруу үчүн, амбицияңыздарды жыйыштырып, мыйзам чегинде жаңы шайланган Жогорку Кенештин төрагасы, тажрыйбалуу адис Абдылдаев Мыктыбек Юсуповичке жана Кумтөр аферасы менен күрөшүп, саясий туткундуктун азабын чегип, акталып, эл уулуна айланган премьер-министр Садыр Жапаровго бардыгыңыздардын жардам берүүңүздөрдү суранабыз!

Буюруса, жакын арада Кыргызстаныбызда кайрадан калыс шайлоо өтүп, бийлике чыныгы элдик депутаттар келерине терең ишенебиз!

Мамлекетибиздин бүтүндүгү жана элибиздин эртеңки келечеги үчүн бардыгыңыздарды биримдике, ынтымакка жана түндүк-түштүкө бөлүнбөгөнгө чакырабыз!

Жалпы Россиялык Кыргыз конгрессинин жамааты

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button