Коом

Баткенде генерал болууну кыялданган окуучуга “Айфон 17 про” белекке берилди

Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековго Баткен шаарынын тургуну 2013-жылы туулган Нуртилек Жамалдинов кат жазган. Ал келечекте генерал болууну кыялданаарын жана жаңы жылдык белек берүүсүн суранып, катына телефондун сүрөтүн тарткан.

Бүгүн 30-декабрда ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев, Баткен ОИИБдин башчысы Улан Жукенов министрге кат жазган Нуртилек Жамалдинов менен жолугуп, ички иштер министри Улан Ниязбеков тарабынан берилген “Айфон 17 про” үлгүсүндөгү уюлдук телефонду тапшырды. Азенбек Козукеев 12 жаштагы Нуртилекти жакшы окууга, телефонду мектепте эмес үйдө колдонууга чакырып, максаттуу пайдаланууну белгиледи.

6-класста окуган Нуртилек 5 бир туугандын экинчиси. Кат жазуу идеясын 8-класста окуган эжеси колдоп, жазылган катты почта аркылуу ИИМге салып жиберген.

Тектеш кабарлар

Back to top button