Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунда кар көчкү жана сел менен күрөшүү үчүн жаңы базалар курулат

Түндүк — түштүк альтернативдүү жолунун курамына кирген Балыкчы — Жалал-Абад автоунаа жолунда үч жаңы жол тейлөө пункту ачылат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, объекттер жолдун 107-, 261- жана 358-чакырымдарында жайгашат.
Курулуш иштери Кызарт жана Сузак аймактарында башталып калды. Ал эми Сары-Камыштагы дагы бир пункт документтер толук бүткөндөн кийин курула баштайт.
Министрликтен билдиришкендей, жаңы базалар өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү жана татаал тоолуу шарттагы жолду тейлөө үчүн түзүлүүдө.
Пункттар сел, таш кулоо жана кар көчкү коркунучу жогору болгон аймактарга жайгаштырылат. Ал жерлерде жол кызматкерлери жана атайын техника жайгашат.
Минтранс белгилегендей, бул кооптуу тилкелерге тез жетүүгө жана түндүк — түштүк трассасындагы өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин өз убагында жоюуга жардам берет.



