Саясат

Садыр Жапаров президенттикке аттанса, анын ордуна ким келери белгилүү болду

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров кызматтарын тапшырып, президенттик шайлоого аттанса, анын милдеттерин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарат. Бул тууралуу юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев  билдирди.

Конституциянын 68-беренесине ылайык, президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда жаңы президент шайланганга чейин анын милдеттерин ЖКнын төрагасы аткарат. Ал аткарууга мүмкүн болбогон учурда премьер-министр аткарат.

«Параменттин төрагасы президенттин милдеттерин аткаруудан баш тартты. Мыйзамга ылайык, Садыр Жапаров премьер-министр кызматын да тапшырышы керек. Ал эми өкмөт башчынын милдетин жана президенттин ыйгарым укуктарын биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарып калат. Мыйзам буга жол берет», — дейт Бөрүбашев.

Өткөн аптада өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров декабрда кызматтарын тапшырып, президенттик шайлоого катышарын жарыялаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button